Депутат: «Мамлекеттик кызматкерлер премия берилбей жатканына нааразы»

«Бизге мамлекеттик кызматкерлер премия боюнча кайрылып жатышат» деп билдирди депутат Тазабек Икрамов Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында.

«Президенттик аппараттан башка мамлекеттик кызматкерлерге премия берилбейт деп жатышат. Бул мыйзамсыз. Алар корголгон. Бул мамлекеттик кызматкерлердин үстөк акы алууга укугу бар», — деди Икрамов.

Финансы министри Алмаз Бакетаев премия баарына берилип жатканын айтты. «Сиз айтып жаткан маселе төртүнчү кварталга тиешелүү. Баткен окуясынан улам көйгөйлөр жаралганда каражатты кайдан алабыз деп ойлогонбуз. Андан кийин мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүү жана бул каражаттын эсебинен үстөк төлөөнү кароо сунушу айтылды. Эгер чындап керек болсо… Бул маселени карап жатабыз», — деди Бакетаев.