Депутат Адахан Мадумаров парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин отурумунда Кыргызстан кыргыз-араб фондун түзүү үчүн насыя алуу ниети бар экенин айтты.
«Биз азыр «алгалай бер, кыргыз эл, карыздардын койнунда» деген жолго түшүп жатабыз», — деди ал.
Депутат бул келишимге кайсы министрликтер макулдугун бергенин сурады. Экономика министринин орун басары Канатбек Абдрахманов бул стандарттуу процедура деп жооп берди.
«Ооба, бул сиздин калпыңыз үчүн стандарттуу процедура», — деди депутат.
Министрдин орун басары Финансы министрлиги, Юстиция министрлиги, Экономика министрлиги корутундусун берген деп жооп берди.