Депутат Маматалиев кесиптеши Айжигитовго ачууланган себебин айтты

Депутат Марлен Маматалиев SuperTV каналынын «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде кесиптеши Султанбай Айжигитов экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктин чыгуу себебине токтолду.

«Депутат экөөбүздүн келишпестигибиздин жана ага ачууланганымдын себеби мындай… Менин кеминде деп айткан сөзүмдү кошпой коюп, 30 пайыз деп жатат. Экинчи жагынан 100 пайыз мамлекеттики болсун деп айтканды да айтпай кетти. Мен 70 пайыздан 30 пайызга түшүрүп жаткандай кылып жатат. Ошого мен ачууландым. Албетте, биз аксакалдарды сыйлайбыз. Анда маселе жок. Эч качан каяша айтпайбыз. Трибунада туруп, туура эмес маалымат айтканда күйүп кеттим», — деди ал.

18-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Марлен Маматалиев менен Султанбай Айжигитов экөөнүн ортосунда кайым айтышуу орун алган. Кайым айтышуу Маматалиев өзгөртүү киргизип жаткан “Жер казынасы жөнүндө” мыйзам долбоорду карап жатканда чыккан. Айжигитов алтын казган компаниялардын кирешесинин кеминде 30 пайыздык үлүшүн милдеттүү түрдө мамлекетке алуу мыйзам долбооруна каршы болуп, мамлекеттин үлүшүн кеминде 70 пайыз кылып көтөрүү керектигин айткан. «Кыргызстандын келечеги аябай чоң коркунучта. Ошондуктан давайте..» деп Айжигитовдун сүйлөгөнүнө Маматалиев «Давайте дебей эле сүйлөңүз» деген.