Депутат Масалиев: «Абдан шашып жатышат. Кийинки аптада Курман айт болот да»

«Абдан шашып жатышат. Кийинки аптада Курман айт болот да». Бул тууралуу депутат Исхак Масалиев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Кечээ, 21-июнда Жогорку Кеңештин депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү боюнча Башкы прокуратуранын сунушу боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

Бүгүн, 22-июнда убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин Координациялык кеңешинде каралып, андан соң Жогорку Кеңештин жыйынына киргизилет.

«Эртең чыгарабыз деп абдан шашып жатышат. Себеби кийинки аптада Курман айт болот, депутаттар айылдарга кетип калышат. Депутаттар аларга ээлери кандай добуш бер десе, ошондой добуш беришет. Комиссияга кирген кесиптештерим бир аз өзүн жоготкондой, шалпайып турушат», — деди Масалиев.