Депутат Маткеримов: «Сузакка пандемия учурунда инфекциялык бөлүм куруу пландалган. Ал эстен чыкты»

«Сузак районунун ооруканасынын инфекциялык бөлүмү жок. Пандемия учурунда райборборго тез арада 40 орундуу инфекциялык бөлүм куруу пландалган, эми ал эстен чыкты». Бул тууралуу депутат Айбек Маткеримов билдирди.

Тармактык комитеттин көчмө жыйынында депутаттар жана Министрлер кабинетинин тийиштүү өкүлдөрү Сузак районунда башталбай жатып токтоп калган инфекциялык оорукананын жерин көрүштү. Башкы дарыгер маалымдагандай, тендер өтүп, имараттын наркы 53 миллион сом болуп чыккан. Уткан подрядчылар өз каражатына пайдубалын казып, анча-мынча ишти баштаган. Каржы жоктугуна байланыштуу оорукана да курулбай, орто жолдо подрядчылар да чыгаша болушкан.

Андан соң комитет мүчөлөрү Курманбек айыл өкмөтүндөгү Тайгараев мектебин көрүштү. Өткөн кылымдагы эки бөлмөлүү класста 80ге чукул башталгыч класстын балдары окушат. Жергиликтүү тургундар кыш катаал болгондуктан, чоң мектепке каттоо кыйын экендигин айтышты. Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Токтомамбет Сатышев Тайгараев атындагы мектепке кошумча 150 орундук окуу корпусун курса болорун, бирок курулуш келээрки жылдан башталарын билдирди.