Депутат: «Матраимов Кыргыз өлкөсүнөн эч жакка кеткен эмес»

Кечээ, 28-декабрда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кыргыз өлкөсүнөн чыгып кеткендиги тууралуу билдирүүлөр социалдык тармактарда сөз болгон. Буга байланыштуу Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Матраимовдун өлкөдөн чыгып кеткени же кетпегени боюнча маалымат коомчулукка берилбей турганын билдирген эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов 24.кг сайтына берген комментарийинде Райымбек Матраимов Кыргыз өлкөсүндө эле экенине ишендирип, анын бир тууганы эч кандай чет өлкөгө чыгып кетпегенин билдирген.