Депутат Матраимовдун конфискацияланган батирлерин балдар үйлөрүнөн чыккандарга берүүнү сунуштады

Депутат Айгерим Бешимбаева Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун конфискацияланган батирлерин кризистик борборлорго жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө берүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал кечээ, 24-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтып чыкты. Эл өкүлү кризистик борборлордун жоктугун жана үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын көбөйүп жаткандыгын белгиледи.

«Эмне үчүн Райымбек Матраимовдун батирлерин УКМК кызматкерлери алышы керек? Аларды кризистик борборлорго жана балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө пайдалануу үчүн беришибиз керек», — деди ал.

Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева, балким, депутаттар кайрылса, УКМК батирлерди кризистик борборлорго өткөрүп берүүгө макул болот деп жооп берди.

Кечээ, 24-декабрда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Бажы кызматынын башчысынын экс-орун басары Райымбек Матраимов келтирилген чыгымды төлөө үчүн накталай акчадан тышкары тогуз батирди жана бир соода борборду мамлекетке өткөрүп бергенин айткан.