Депутат Алиев: «Алтын эч убакта баркын жоготпойт, бирок айрым жарандардын алтын сатып алууга акчасы жок»

Доллар көтөрүлүп, рубль ылдыйлап, бир аптадан бери валюталык рынокто абал туруксуз. Эл эртеңинен эмнени күтөрүн билбей турат. Мындай жагдайда өкмөт чукул түрдө кандай чараларды көрүшү керек? SUPERTV ушундай суроо менен депутаттарга кайрылды.

Депутат Медер Алиев валюта маселесинде бир нерсени так билиш керек деп ойлойт. Бул бир гана Кыргыз мамлекетинин өкмөтүнө көз каранды маселе эмес. «Бүгүнкү учурда Украинадагы кырдаал дүйнө жүзүндөгү мамлекеттерге таасирин тийгизип жатат. Ошонун арасында Кыргызстан да бар. Ошон үчүн ички тартипти аткарышы керек. Улуттук банк чара көрүшү зарыл. Эң негизгиси эл аралык маселе», — деди ал.

Ал ошондой эле, экономикадан кабары бар киши алтын сатып алууну туура деп эсептерин айтты. «Эзелтен бери келген формулада валюта ар кайсы себептерден бийик же төмөн болуп турат. Алтын эч убакта баркын жоготпойт. Кээ бир жарандарда алтын сатып алууга каражаты жетишсиз», — деди ал.