Депутат мектепти оңдоого ата-энелер акча берип жатканын айтты. Министрдин орун басары муну четке какты

Бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Айбек Маткеримов Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбековадан жылына мектептердин оңдоосуна канча каражат бөлүнөрүн сурады.

Министрдин орун басары 100 миллион сом бөлүнөрүн айтты. «Бул ар бир мектепке эмес, мектептерде акча окуучулардын санына жараша бөлүштүрүлөт. 100 миллион сом жалпы муктаждыктын 24 пайызын жабары жашыруун эмес. Финансы министрлиги бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө карап бөлөт, бирок министр Алмазбек Бейшеналиев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылып, мектептердин учурдагы оңдоосуна бөлүнгөн каражатты көбөйтүүнү суранды», — деди Жусупбекова.

«Демек, 76 пайызын ата-энелер берет экен да ээ?» — деп сурады Маткеримов. Буга карата демөөрчүлөрдүн, жергиликтүү бийликтин эсебинен бөлүнөрүн айтып жооп кылынды.

«Силер өзүңөр коомдун кыжырына тийип жатасыңар. Сиз ата-энелер оңдоого акча бербейт, буга мамлекет гана каражат бөлөт деп жатасыз. Бирок чындыгында ата-энелерден акча чогултуп жатканыбыз көрүнүп турат. Ачык айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзсө жакшы болот», — деди депутат.

«Бюджеттен 100 миллион сом бөлүнгөнүн эске алып, ата-энелерден акча чогултпай эле жергиликтүү бийлик өзү жасап жатат. Билим берүү министрлиги бардык билим берүү мекемелерине ата-энелерден акча чогултууга тыюу салуу боюнча кат жөнөттү», — деп түшүндүрдү Жусупбекова.