Депутат мектептерге ыйман сабагын киргизүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков коррупция менен күрөшүүдө мектептерге ыйман сабагын киргизүү керектигин сунуштады.

«Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат дейт. Жакында Transparency International уюмунун дүйнөдө коррупциянын деңгээли боюнча маалымдамасы чыкты. Ошол жерде биздин позициябыз дагы начарлаптыр. 144-орунда экенбиз. Африканын мамлекеттеринин катарында болуп калыптырбыз. Төрөлгөндөн баштап, өлгөнгө чейин жемкорлук менен баарыбыз кез келип атабыз. Ушул багытта иштейли. Бул оңой чечилбейт окшойт. Балким мектептен тарбия керек. Адеп сабагы, ыйман сабагы деген маселени көтөрсөк деп жатам», — деди ал.