Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Айгүл Айдарова билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбековага «мектепке кирип, 7 сомдук тамак жеп көрдүңүз беле?» деген суроо узатты.
Бул суроого министрдин орун басары азык-түлүк арзан болуп турганда, жеткирүүчүлөр болгондугун, тендер өтүп келгенин, кымбаттаган соң Экономика министрлигине кайрылышканын айтты.
«Мен сизге так суроо берип жатам. 7 сомдук тамак жеп көрдүңүз беле? Өзүңүз деле кызыгып, суроого так жооп бербей, айланчыктап жүрөсүз», — деди депутат.
«Азыр абалыбыз оор, компот жана булочка гана берилет. Азык-түлүк кымбаттай электе тамактар даамдуу болчу”, — деди министрдин орун басары.
Ооба мен да ошого кошулам. Мектептин тамагын деп коргуло, кызым кундо келет каша муздак чай сахары жок, деп
Мектептен берилген тамакты жоюп деде салса болот.Бергендери кенедей тамак ,кичине кесим нан ,муздак кампот .Жарытылуу тамак берилбейт,ашпозчулар мектеп ашканасында эмне тамак кандай нан болсо үйүндөгүлөрүн да ошо менен камсыз кылат.
.
Мектептен берилген тамакты жоюп деде салса болот.Бергендери кенедей тамак ,кичине кесим нан ,муздак кампот .Жарытылуу тамак берилбейт,ашпозчулар мектеп ашканасында эмне тамак кандай нан болсо үйүндөгүлөрүн да ошо менен камсыз кылат. 3 адам иштесе балдардын тамагын 3кө,нанын 3 кө бөлмө эмнеси калат
.