Депутат министрдин орун басарына: «Мектепке кирип, 7 сомдук тамак жеп көрдүңүз беле?»

Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Айгүл Айдарова билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбековага «мектепке кирип, 7 сомдук тамак жеп көрдүңүз беле?» деген суроо узатты.

Бул суроого министрдин орун басары азык-түлүк арзан болуп турганда, жеткирүүчүлөр болгондугун, тендер өтүп келгенин, кымбаттаган соң Экономика министрлигине кайрылышканын айтты.

«Мен сизге так суроо берип жатам. 7 сомдук тамак жеп көрдүңүз беле? Өзүңүз деле кызыгып, суроого так жооп бербей, айланчыктап жүрөсүз», — деди депутат.

«Азыр абалыбыз оор, компот жана булочка гана берилет. Азык-түлүк кымбаттай электе тамактар ​​даамдуу болчу”, — деди министрдин орун басары.