Депутат министрге: «Вакцина алып, уу коргошун ичип туралы. Ошондо «нормально» болобуз»

Бүгүн, 12-июлда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйынга саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты. Жыйындын жүрүшүндө депутат Шайлообек Атазов медиктерге берилчү кенемтеге, вакцинага, ПЦР-тесттерге кызыкты.

«ПЦР жарандардын анализин 100 пайыз аныктап жатабы? Мышыктын шилекейин берип деле жакшы экен деп жөнөтүп жатыптыр го», — деди депутат.

Министр: Биздин лабораторияларды…

Депутат: Так айтыңызчы, ПЦР-тест ковид вирусун аныктап жатабы же бизнеспи?

Министр: Аныктап жатат.

Депутат канча пайыз аныктап жатканына кызыкты. Министрдин айтымында, тест 100 пайыз аныктайт. Себеби, пробалар Новосибирскке жөнөтүлөт.

Депутат: Азыркы вакцинаны биздин төрага мактады (ред. комитеттин төрагасы Абдывахап Нурбаев). Ошону баарыбыз алалы, уу коргошун ичип туралы, ошондо «нормально» болобуз.