Депутат: «Күйүүчү майдын баасы асман чапчып кетти. Автогаздын баасы да көтөрүлүүдө»

«Биз көрүп атабыз, күйүүчү майдан баасы асман чачып кетти. Ошол эле учурда автогаздын баасы да көтөрүлүп жатат». Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова сөз козгоду.

«Жогорку Кеңешке нефтетрейдерлерди чакырабызбы, өкмөттү чакырабызбы, баарын алып келип бул жерде талкуулайлы. Күйүүчү майдан ташкары, автогаздын баасы да көтөрүлүүдө. Муну чечпесек болбойт. Анткени азык-түлүктүн баасынын кымбатташына таасирин тийгизет. Дүкөнгө барсаң, баалар көтөрүлүп жатат. Ташуунун да баасы жогорулады», — деди ал.