Кечээ, 10-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган ЖК депутаты Мирлан Бакировдун тууганы Төлөн Бакиров тергөө учурунда өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал мамлекетке келтирилген зыянды төлөп бергендиктен, бүгүн 11-февралда Жалал-Абад шаардык сотунда баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылган.
Белгилей кетсек, кечээ 10-февралда УКМК Жалал-Абадда депутат, экс-вице-спикер Мирлан Бакировдун иниси Төлөн Бакиров камакка алынганын билдиришкен. Анда Төлөн Бакиров мурдагы кызматына байланыштуу кармалганы айтылып, буга чейин Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу муниципалдык ишканасын жетектеп турган убакта кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик бюджетке 612 миң 800 сом зыян келтиргенин айтылган.
Мындан улам депутат Мирлан Бакиров SEREP MEDIA маалымат агенттигине комментарий берип, Төлөн Бакиров менен туугандык жайы бар экенин айтып, бирок «Бир тууганым иним эмес»,— деп билдирген.













