Депутат Мирлан Бакировдун ыйгарым укуктары токтотулду

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 1-апрелдеги жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Бакиров Мирлан Исакбековичтин («Өнүгүү-Прогресс») ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.

Мирлан Бакиров Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси болуп дайындалган.

Бакировдун депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылды.