Депутат Марлен Маматалиев: «Белекке алган саатымдын баасын 3-4 миң доллар деп ойлогом»

«СуперТВ» каналынын “Обу жок 30 суроо” долбоорунун саясаттагы алгачкы каарманы – депутат Марлен Маматалиев болду. Ал маектин жүрүшүндө талкуу жараткан колундагы сааты тууралуу комментарий берди.

«Бул саатты менин Москва шаарында жашаган досум белекке берген. Досум Москвадагы ири соода борбордун жетекчиси. Мен саатты белекке алганда канча акча турарын сураган эмесмин. Эми белекке берип жатса, баасын катип сурайсың? Чындыгында, мен бул саатты 3-4 миң доллар деп ойлогом. Баасын билип алган соң бир аз ыңгайсыз болдум», — деди ал.

Ушул жылдын 26-февралында жергиликтүү ЖМКлардын биринин журналисттери Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тагынган кол сааттын болжолдуу баасын эсептеген макала жарыялаган. Эң кымбаты депутат Марлен Маматалиевдин сааты болгон. Анын баасы 26,5 миң долларга бааланган.