Мөөнөтү өтүп кеткен «AstraZeneca» вакцинасын Кыргызстанга жеткиргендердин жоопкерчилигин кароо керек. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев парламенттин жыйынында билдирди.
«AstraZeneca» вакцинасынын жарактуу мөөнөтү өткөн болуп жатат. Мөөнөтү өткөндөн кийин албаш керек эле. Бирөө жоопкерчиликти алабы же жокпу? Ошол маалыматты укпайлыбы? Бизге мөөнөтү бүткөн вакцина берип жатышат, биз аны эмне кылабыз?» — деди ал.
Ал мындан тышкары, август айында кызыл зонада иштеген медкызматкерлер акча албаганына токтолду. «Ошол учурда эле дарыгерлер дагы «кызыл зонада иштедик» деп жатышат, бирок акчаны албаганын айтышты», — деди ал.
Кыргызстан ушул жылдын июль айында «AstraZeneca» вакцинасын Азербайжандан 40 миң доза, COVAX механизминин алкагында дагы 226,5 миң доза алган. Алардын жарактуулук мөөнөтү бүткөн.