Депутат: «Мугалимдердин айлыгы жок дегенде 50-60 миң сом болушу керек»

«Биз мугалимдердин айлыгын кескин көтөрүшүбүз керек. 5-6 миң сом кошкон болбойт». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурланбек Шакиев айтып чыкты.

«Мугалимдердин айлыгы жок дегенде, 50-60 миң сом болушу керек. Мугалимдердин статусун, кадыр-баркын көтөрүшүбүз керек. Билим берүү болбосо, өнүгүү болбойт. Өнүгүүнүн башаты — билим берүү», — деди ал.

Ал мындан тышкары, мектепте иштеген техникалык кызматкерлердин да айлыгын көтөрүш керектигин, сабактарды кыскартуу керектигин айтты.