Депутат: «Мурда өлүп калгандарга добуш бердирсек, эми өлүп калган мыйзамга добуш берип жатпайбызбы»

Мурда өлүп калгандарга добуш бердирсек, эми өлүп калган мыйзамга добуш берип жатпайбызбы. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди. Жыйында Гүлшат Асылбаеванын «Жалган жана такталбаган маалыматтардан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатат.

«Бул мыйзам былтыр президент тарабынан каршы пикир менен кайра иштеп чыгууга жөнөтүлгөн. Мыйзам боюнча бул мыйзам 10 күндүн ичинде иштелип чыгып, макулдашуу менен киргизиши керек. 10 айдан кийин кайра киргизип жатабыз да. Биз өткөндө баш мыйзамды кабыл алып жатканда, өлгөн адамга добуш бердиргенбиз. Эми азыр болсо, өлүп калган мыйзамга добуш берип жатпайбызбы. Бул мыйзам иштебейт. Эгер иштей турган болсо, бийликтин куралы болот. Бүтүндөй бийлик үчүн иштейт. Фейктер, троллдор, анан ар-намысты коргоо депчи… Ар-намысы бар адам ар-намысын соттон издебейт, ар-намысын көкүрөктөр, анан элдин арасынан издейт. Сенин кандай экениңди эл билет», — деди депутат.