Депутат: «Мурдагы министр жумушка келбей эле 40 миң сом айлык алат экен»

«Мурдагы министр Жамшитбек Калилов «Кыргыз темир жолу» ишканасында бүгүнкүгө чейин иштеп жатат дейт. 40 миң 683 сом айлык алып жатат, жумушу бар, бирок жумушка келбейт дейт». Бул тууралуу комитет жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

«Темир жолдон түшкөн акчага эле кайра оңдоп-түзөсө болот», — деди ал. «Кыргыз темир жолунун» жетекчиси Азамат Сакиев депутатка маалымат берди. Калилов 3 айдан бери иштебей калганын, козголгон маселе боюнча укук коргоо органдары иликтөө иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.

Жамшитбек Калилов 2016-2018-жылдары Транспорт жана жолдор министрлигин жетектеген. Ал 2018-жылдын декабрь айында мекемедеги коррупциялык жаңжалдан улам кызматтан кеткен.

Жамшитбек Калилов