Надира Нарматова демилгечилерди таап, айылдарга 12 мечит курдуруп бергенин айтты

Мени каргап шилегендерге жооп кайтарбайм. Бул тууралуу SUPERTV’нын «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жатып билдирди.

«Качкан да Кудай дейт, кубалаган да Кудай дейт. Өзүм да Кудайдын жолунда, соопчулук иштерди жасап жүрөм. Мен демилгечилерди таап, керек болгон айылдарга 12 жерге мечит курдурган эжеңермин. Анан мечиттердеги жайнамаздарды үй-бүлөлүк акчадан алып бергем. Мечитке бир жолу барбагандар, алдына бир тал чыбык сайып койбогондор мени сындап, айтпаган сөздөрдү айтышты», — деди ал.