Депутат Нарматова: «2010-жылы «Ата-Журт» фракциясынын 17 депутатына кылмыш иши козголгон»

2010-жылы «Ата-Журт» фракциясынын 17 депутатына кылмыш иши козголгонун парламент жыйынында депутат Надира Нарматова билдирди.

Ал Башкы прокуратуранын депутат Адахан Мадумаровдун кол тийбестигин алып салууга парламенттин макулдугун берүү сунушун жаман жышаан деп эсептейт. «Биздин эл өкүлү катары башкы прокурорго суроолорубуз бар. Кесиптешибиздин кармалышы боюнча шашылыш чечим чыгаруудан алыс болушубуз керек. Эртеңкиге эч ким кепилдик бербейт. 2010-жылы сиз спикер баш болгон көптөгөн депутаттар, “Ата Журт” фракциясынын 17 депутатына кылмыш иши козголгон», — деди ал.