Депутат Нарматова: «Башыма балта коюп турса да, чындыкты бетке айткан адаммын» 

Мен чындыкка тике карап, башыма балтаны коюп турса да, чындыкты бетке айткан адаммын. Бул тууралуу SUPERTV’нын «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берип жатып Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова билдирди.

«Мени ким кандай кабыл алса да, чындыкты бетке айтам. Бир нерсени жашырып койгонго адамдык сапатым жол бербейт. Мен бетке айткан адаммын. Атам да бетке айткан киш болчу, атамдын каймана аты «комиссар» болчу. Түз жүргөн адам болчу. Биздин генибиз ошондой. Бетке айткан сөзүм көптөргө жакпаса керек», — деди ал.