Депутат Нарматова Жогорку Кеңеште бала бакча маселесин көтөргөн соң, Ноокаттан айыл өкмөт башчысы чалганын айтты

«Жогорку Кеңеште бала бакча маселесин көтөрүп чыккан соң, Ноокат районундагы Кулатов деген айыл өкмөттүн башчысы телефон чалды», — деди депутат Надира Нарматова. Ал бүгүн, 15-апрелде SUPERTV’нын «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди.

«Эже, сиз туура идеяны айткан экенсиз. Биздин аксакалдар ойлонуп, чечип, эски мечитибизди оңдоп, бала бакча кылганга макул болушту дешти», — деди ал.

Депутат айым ошондой эле, азыр айыл жергелеринде менчик бала бакчалар көп экенин айтып, ошол бакчаларды мамлекеттик кылышса жакшы болмок деп эсептейт. Мамлекет штат түзүп, балдарга тамакка акча айыл өкмөт бөлүп берсе болорун айтат. Ал Жогорку Кеңеште айткан сөздөрүн айрымдары сынга алганын, айрымдары колдогонун баса белгиледи.