Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов мандатын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн БШКнын жыйынында айтылды. Маалыматка караганда, Каримовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызы Борбордук шайлоо комиссиясына бүгүн, 21-июнда келип түшкөн. Бош мандат СДПКнын тизмесиндеги кийинки талапкер Чыңгыз Макешовго өттү.
10-июнда Нодирбек Каримов Ош облусунун Өзгөн шаарынын мэри болуп дайындалган. Ага шаардык кеңештин 31 депутатынын 17си добуш берген. Ал 2013-2015-жылдары да Өзгөндүн мэри болгон.