Депутат Нодирбек Каримов мандатын тапшырды. Анын мандаты кимге өттү?

Жогорку Кеңештин депутаты Нодирбек Каримов мандатын тапшырды. Бул тууралуу бүгүн БШКнын жыйынында айтылды. Маалыматка караганда, Каримовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча арызы Борбордук шайлоо комиссиясына бүгүн, 21-июнда келип түшкөн. Бош мандат СДПКнын тизмесиндеги кийинки талапкер Чыңгыз Макешовго өттү. 

10-июнда Нодирбек Каримов Ош облусунун Өзгөн шаарынын мэри болуп дайындалган. Ага шаардык кеңештин 31 депутатынын 17си добуш берген. Ал 2013-2015-жылдары да Өзгөндүн мэри болгон.