Бекешев Новиковго: «Президентке элдин чөнтөгүндө сокур тыйын жок калганын айта барыңыз»

Депутат Дастан Бекешев биринчи вице-премьер Артем Новиковдон президентке элдин чөнтөгүндө сокур тыйын жок калганын айта барууну өтүндү. Бул тууралуу бүгүн, 28-апрелде Жогорку Кеңеште өткөн жыйында айтылды.

Буга чейин депутаттар 50 миллион долларлык гранттын тагдырын чечүү үчүн парламентке өкмөт башчыны чакырууну сунушташкан. Жыйынга Артем Новиков келди. Депутат өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал абдан жагымсыз болуп турганын айтып, өкмөт бааларды артка кайтара албай турганын кошумчалады.

«Мен өкмөттүн эмне кылуу планы бар экенин уктум, бирок бааларды артка кайтара албайсыңар. Баалар жогору бойдон калат. Маяна, пенсия, жөлөк пулдар жакын арада жогорулабайт. Элдин кирешеси ошол эле бойдон, бирок баалар өстү. Бул убакта өкмөт эмне кылып жатты, электр энергиясы үчүн бааны көтөрүүнү сунуштады, жол кире акысын көтөрүүнү каалап жатат. Элди алаксытып, уу-коргошун ичип жатышат. Өкмөт жакынкы келечекте калктын кирешесин көтөрүү үчүн конкреттүү эмне иш кылганы жатат? Баалардын өсүшү менен күрөшө берүүдөн майнап чыкпайт, элдин чөнтөгү жука болсо, майдын 150-170 сом болгонунан эмне пайда?» — деди Бекешев.

Жооп берүүгө аракет кылган биринчи вице-премьер Артем Новиковдун сөзүн бөлгөн депутат өкмөт бул маселени чече албайт деген оюн билдирди.

«Сиздер бул маселени чече албайсыздар. Эми мунун баарын президент өзү чечет. Сиздин сөзүңүздү депутаттар дагы уккусу келбей жатат. Президентке элдин чөнтөгүндө сокур тыйын жок калганын жеткирип барасыз деген үмүттөмүн. Бүт баары талкаланып жатат», — деди Бекешев.