Депутат Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңеште кызыктай окуяларга туш болуп жатканын айтты

«Биз акыркы убакта Жогорку Кеңеште кызыктай окуяларга туш болуп жатабыз», — деди депутат Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жыйынында.

«Тактап айтканда, бизге келген мыйзамдар көпчүлүк учурда керектүү процедураларды бузуп, ар кандай нормаларды бузуп эле келип жатат. Күчкө салып «тигил суранды, бул суранды кабыл албасак болбойт» деп, аткаруу бийлиги эшик каккылап келип, суранып жатышат. Биз керектүү учурда колдоп берип жатабыз. Бирок муну токтотуш керек. Өнөкөткө айланды. Сапатсыз мыйзамдар кабыл алынып калышы мүмкүн болуп жатат», — дейт эл өкүлү.