Дагы 2 күн кечиксек, 50 миллион долларлык гранттан куру калабыз. Бул туурасында Жогорку Кеңештин жыйынында Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Нурбек Алимбеков билдирди.
Анын айтымында, БУУнун Азык-түлүк жана айыл-чарба уюму Кыргызстанга Жашыл климаттык фонддун эсебинен климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо иштери үчүн 50 миллион доллар өлчөмүндө гранттык жардам берүү тууралуу чечим кабыл алган. Ал гранттык каражаттын 22 миллион доллары айыл чарбасына, калганы климаттын өзгөрүшү боюнча айлана-чөйрөнү коргоо боюнча алдын ала иштерге, энергетика тармагына жумшалмак.
«Бул каражатты алыш үчүн кыргыз өкмөтүнүн макулдук каты талап кылынат. Бирок өкмөт катты өз убагында бербей, маселени өтө кечиктирип жатат. Бул долбоор боюнча кол коюунун акыркы мөөнөтү — 30-апрель. Бул мөөнөткө жетишпей калсак, гранттык каражат башка мамлекеттерге кетип калат. Ушул маселени өкмөт тез арада чечип бериш керек болчу, 2 эле күн калды. Ушул эле линия менен Казакстан менен Тажикстан 100 миллион алып, долбоорду ийгиликтүү ишке ашырып жатат.
ФАОнун өкүлдөрү бир айдан бери өкмөттүн 3 министрлигинин эшигин каккылап жүрөт: алар Тышкы иштер министрлиги, Экономика министрлиги жана Айыл, суу чарба министрлиги. Баары эле акча керек дешет да, юридикалык жактан маселелер бар экен деп чочулап жатышат. Эгер өкмөт өзү карап бере албаса, бүгүн премьер-министр менен 3 министрди кошуп, бул жакка чакыралы. Эмнеге жооп бербей жатышканын айтышсын. Долбоордо корко турган нерсе болсо, анда аны билели. 4 миллиард 250 миллион сом… 2 күн калды… Бул бүгүнкү күндөгү өкмөттүн ишинин натыйжасы. Бекер келген акчаны алып кала албасак, уят болобуз», — деди депутат.
Жыйынтыгында бул маселени кароо 96 добуш менен күн тартибине коюлду.