Депутат окуу акысын доллар эмес, сом менен төлөө керектигин айтты

Кыргызстандагы билим берүү мекемелери төлөмдөрдү улуттук валютага которуулары керек. Бул тууралуу депутат Нуржигит Кадырбеков Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу менчик окуу жайлардын студенттери окуу акысын төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болуп жатышат. «Доллар кескин көтөрүлдү. Кырдаал бизнеске, баага жана билимге таасирин тийгизет. Кээ бир ЖОЖдор менен менчик мектептер келишимди доллар менен түзүшөт. Бул туура эмес. Алар бардык төлөмдөрдү сом менен жүргүзүшү керек. Бул улуттук валютаны коргоо чараларынын бири болмокчу. Азыр экспорт жок. Мындай абал эч качан болгон эмес», — деди Нуржигит Кадырбеков.