Депутат Өмүрбек Бакиров шайлоону мыйзамсыз деп тапкан соттун чечимин акылга сыйбай турганын айтты

Депутат Өмүрбек Бакиров шайлоону мыйзамсыз деп тапкан соттун чечимин акылга сыйбай турганын айтты. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды.

«7-июнь күнү Бишкек шаардык административдик соту Көк-Жар шайлоо округунда өткөн шайлоону мыйзамсыз деп тапты. Бул акылга сыйбаган, мыйзамсыз чечим экени ачык көрүнүп турат. Бул шаардык административдик соттун чечими менен мен макул эмесмин, мындан ары жогорку инстанцияга кайрылабыз. Мен ишенем адилеттүүлүк жеңет деп, мыйзамдуулук орнолот деп үмүт кылам.

Бүгүнкү күндө мен өзүмдүн депутаттык милдетимди аткарып жатам, эл ишеним менен берген депутаттык мандатты эч кимдин тартып алып коюуга укугу жок», — деп жазды ал.