Мадумаров: «Он миңдеген адамдар банктар акчасын жеп жатат деп нааразы болушууда»

Депутат Адахан Мадумаров бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банк жана банктар боюнча мыйзам долбоорлорун кабыл алууда шашылбоого чакырды.

Эл өкүлү Улуттук банк жана анын шылуундары чоң көйгөй деп эсептейт. «Бул бир гана чет өлкөдөн Кыргызстанга жөнөтүлгөн которуулар жөнүндө эмес, өлкө ичинде валюталарды алмаштыруу жөнүндө да. Доллар жок деп бааларды өздөрү коюп, өз иштерин кылып жатышат. Өткөн жолу Улуттук банктын башчысы чет өлкөдөн которулган акчалар ошол эле валюта менен чыгарыларын айткан. Рубль жөнөтсө, рубль, доллар болсо, доллар бериши керек деген», — деди ал.

Анын айтымында, банктар алардын акчасын жеп жатканына он миңдеген адамдар нааразы. «Алар курсту айырма 2-2,5 сомго жете тургандай кылып коюшкан. Валюта курсу кандай экенин кайдан көрүүгө болот? Бирок Улуттук банк сөзсүз түрдө ушундай курс менен акча берет. Жакшылыкка алып барбайт. Андыктан мыйзамдарды кабыл алууга шашпайлы», — деди ал.