Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Айсулуу Мамашова, Нилуфар Алимжанова, Аида Исатбек кызы, Бахридин Шабазов.
Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети саламаттыкты сактоо жаатындагы өсүп жаткан чакырыктарга жана Кыргыз жарандарына ишенимдүү жана сапаттуу медициналык жардамды камсыз кылуу зарылдыгына байланыштуу, колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү. Тактап айтканда, мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерин жеке клиникаларда бир убакта жумушка орноштурууга тыюу салууну киргизүү сунушталууда.
Талкуу маалында депутат Илимбек Кубанычбеков саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилерин тандоо тартибин тактады. Муну менен катар эл өкүлү жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдарга операция жасоо зарылчылыгына көңүл буруп, бул максатта көптөгөн жарандар чет өлкөгө чыгууга аргасыз болуп жаткандарын кошумчалады. Ал эми депутат Советбек Рустамбек уулу аймактык ооруканаларды жетиштүү деңгээлде квалификациялуу кадрлар менен камсыз кылуу маселелерине көңүл бурса, эл өкүлү Айсулуу Мамашова жетекчилик кызматтарга ошол эле адамдар кайра-кайра келе бербеши үчүн кадрлар резервин түзүү принциптерин өзгөртүү зарылдыгына токтолду. Андан тышкары, эл өкүлү Эльдар Абакиров оорукана жетекчилеринин иштөө мөөнөтүн кыскартууну сунуштады. Депутат Мирлан Самыйкожо кадр тармагында кандай гана реформалар болбосун, алар өз иши үчүн күйгөн, алмаштырылгыс жетекчилерди жоготуп албагандай жүргүзүлүшү керектигин белгиледи. Жыйынтыгында мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды.