Депутат: «Эрдоган турганда Орхан Инандыны түрктөр бизге бербейт»

Бул окуя биздин эл аралык абройго өтө чоң зыян келтирди. Эми түрктөр Эрдоган турганда (ред. Түркиянын президенти) бизге бербейт. Мындай оюн бүгүн, 7-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев билдирди. «Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги Бириккен улуттар уюмуна кайрыла аласыңарбы? Биздин эгемендүүлүккө шек келтирип, башка атайын кызмат биздин жаранды алып кетип жатат», — деди ал.

«Биз түрк тарапка талаптарды койдук. Ал биздин жаран болгондуктан, биз ага консулдук жардам көрсөтүүгө даярбыз. Ошол үчүн биз ага жолугууну сурандык. Анын ден соолугуна, коопсуздугуна, жашоосуна коркунуч келтирилбесин деп талап койдук», — деди ТИМдин өкүлү.

1-июнга караган түнү «Сапат» билим берүү мекемесинин негиздөөчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз жоголгон. 3-июнда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргыз жараны Орхан Инандыга байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме да өткөргөн. Жоголгон күндөн тарта ИИМ менен УКМК аны издеп жана ал иштерден эч кандай жыйынтык майнап чыкпай жаткан. Кечээ, 5-июлда Түркиянын президенти Эрдоган Орхан Инандынын кармалып, Түркияга жеткирилгенин жар салды.