12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алды. Жаңжалдын жүрүшүндө тажик тарап Кыргызстандын Достук айылын миномёттон аткылаганын Чек ара кызматынан билдиришти. Чыр-чатактан улам 18 миңден ашуун тургун коопсуз аймактарга эвакуацияланды.
Мындан улам, SUPERTV’нын «Собол TIME» рубрикасынын кезектеги чыгарылышында депутаттарга «Кыргыз бийлиги кандай реакция кылышы керек?» деген суроо менен кайрылдык.
Депутат Улугбек Ормоновдун айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар улам кайталанып, провокация болуп жатат. «Бир жердегини токтотуп, сүйлөшүү жүрүп баштаганда эле, экинчи жерде чыгып жатат да. Бул башка мамлекеттин ичинде атайын ички күчтөр бар деген да ой келет же аткезчилердин аракеттери. Эки мамлекет бири-биринин сөзүн угуу менен чек араны чечиши керек», — деди ал.