Депутат: «Орусияда 3 баланын атасы көз жумду. ТИМ сөөгүн алып келүүгө жардам берсе жакшы болмок»

Каракол шаарынын тургуну, 3 баланын атасы Орусияда кечээ, 22-июнда каза болуптур. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев билдирди.

Анын айтымында, жаран Орусияга иштеп кеткен. Анын сөөгүн Кыргызстанга алып келүүдө кыйынчылыктар болуп жатат. «ТИМге тапшырма берип, сөөктү алып келүүгө жардам берсеңиздер жакшы болот эле», — деди депутат.