Депутат Орусияда апасы менен кызы баңгизат менен кармалганын айтты

Бүгүн, 15-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков ага 2 күн мурда Орусиядан жарандар кайрылып, апасы менен кызы баңгизат менен кармалганын билдирди.

«Бул маселени көтөрүп жатабыз, айтып жатабыз. Жайган торго түшүп калышууда. Муну «подстава» деп коёт. Мурда бирден түшсө, азыр үй-бүлөсү менен кармалып жатат. Чырактай улан-кыздар кармалыптыр. Биргеликте карайлычы. Кармалгандарды бул жакка которуу боюнча да көйгөй болуп жатат», — деди ал.