Депутат: «Орусияда асмандан доллар жаап жаткандай, 11-классты бүткөн жигиттер кетип жатат»

«Орусияга барса эле асмандан жамгыр болуп доллар жаап аткандай, 11-классты бүткөн жигиттер паспорт алары менен кетип калып жатышат». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков айтып чыкты.

«Ата-энеси ойлонбой жиберүүдө. Өткөн жылы 6 айдын ичинде баңгизаттарды сатты, даярдады деп туруп 201 бала кармалган. Алар эмне ошол бизнесте жүрөт дейсизби? Болгону шылуундардын акчасына алданып калышууда. Балдарга убал болуп жатат. Буга өзүбүз күнөөлүбүз. Ошондуктан мигранттардын укуктук аң-сезимин даярдоо боюнча бир системаны ойлонуп табыш керек», — деди ал.