Депутат Алиев Орусияда Кыргыз мигранттары көйгөйлөргө туш болуп жатканын айтты

«6 миллион калкыбыздын 2 миллиону чет өлкөлөрдө мигрант болуп жүрүшөт. Ар бир баланы ата-энеси күтүүдө». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Медер Алиев билдирди.

Анын айтымында, Украина менен Орусиянын ортосундагы пикир келишпестиктен Орусияда жумуш орундар кыскарып жатат. «Жүздөгөн, миңдеген кайрылуулар келип жатат. Биздин расмий дипломатиялык өкүлчүлүктөр – элчилик менен консулдук күнүмдүк көйгөйлөрүн тийиштүү деңгээлде чечпей жатат. Дипломатиядагы кадрлар тажрыйбалуу болуш керек. Мигранттар азыр жумуш орундарын кыскартуу, мыйзам бузуулар сыяктуу көйгөйлөргө туш болуп жатышат», — деди эл өкүлү.