Депутат: «Орусиядагы айрым кыргызстандыктарга аскерге чакыруу келе баштаптыр…»

Орусиядагы кыргызстандыктарга аскерге чакыруу келе баштаптыр. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жыйында айтты.

«Ошол жердеги биздин эжебиз жөн эле отурбай маалымат берип турса, жакшы болмок. Кайсы мыйзамдар кабыл алынып жатат, эмне болот дегенге даяр болушу керек. Мен бир да маалымат уккан жокмун, бирок интернеттен окуп жатабыз. Элчиде толук маалымат болушу керек», — деди ал.