Депутат Орусиядагы мигранттарга кирген мыйзам боюнча: «Евразия экономикалык комиссиясында бир канча министр оозу жабылып отурат»

«Орусиядагы миңдеген мекендештерибиз медициналык кароодон өтүү маселеси боюнча тынчсыздануусун билдирип жатышат», — деди депутат Жанар Акаев кезектеги жыйында.

«Анткени 6100 рубль акча кетип атат. Бул айлыгынын бир топ бөлүгү. Ушуга кабатыр болуп жатышат. Жаңы мыйзам ишке кирди. Мен комитеттин төрагасы катары, Думанын тиешелүү комитетинин төрагасына кат жолдогонбуз. Мына төрага сиз да Орусияга делегация менен барганы жатасыз. Эң негизги маселелердин бири ушул болот деп ишенем. Биздин Евразия экономикалык комиссиясында бир канча министр, өкүлдөрүбүз айлык алып отурушат. Алар кызмат алгандан кийин оозу жабылып отурушат. Ошолор ушундай маселени караш керек эле. Бул мыйзамдын ЕАЭБ өлкөлөрүнө тиешеси жок деген сүйлөм киргизишибиз керек», — деди ал.