Депутат: «Орусиядагы окуя Кыргызстанда болбойт» деп эч ким кепилдик бере албайт»

«Билим берүү мекемесинде ок чыгаруу окуясы Кыргызстанда болбойт» деп эч ким кепилдик бере албайт. Бул тууралуу депутат Бурун Аманова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

«Үрөй учурган теманы көтөрүп кетким келет. Өзүңүздөр билгендей, 20-сентябрда Пермь шаарындагы жогорку окуу жайда ок атуу болду. Бейкүнөө адамдар көз жумду. Буга чейин мындай окуя Казань шаарында болгон. Кылмышкерлердин экөө тең балдар. Бирөөсү 18 жашта болсо, экинчиси 19 жашта. Ошол жаатта биздин дагы ЖОЖдордо, мектептерде кандай чаралар көрүлүп жатат? Алардын акча чогултуп жургөнү, компьютердик оюндарга берилгени айтылып жатат. Ошого байланыштуу Билим берүү министрлигинин, ИИМдин маалыматтарын уксак. Биз буга чейин мындай окуялардын алыскы өлкөлөрдө болгонун уксак, азыр өзүбүзгө жакын өлкөгө келип калыптыр», — деди ал.

Орусиядагы окуу жайда 18 жаштагы жигит ок чыгарган. Анын кесепетинен 6 киши көз жумуп, 20дан ашуун адам жаракат алды.