Депутат Ош облустук балдар ооруканасына жаңы имарат куруу керектигин айтты

Бүгүн, 9-мартта депутат Эльдар Сулайманов Ош облустук балдар ооруканасынын онкология жана гематология бөлүмү үчүн жаңы имарат куруу керектигин белгиледи. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.
Ал Ош облустук балдар ооруканасынын балдар онкология жана гематология бөлүмү үчүн жаңы имарат курууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгилеп: «Ооруканага Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан бейтаптар кайрылып, бөлүм учурдагы жүктөмдү көтөрө албай калды», — деди.