Депутат Ош облусунун башчысы боюнча: «Ал бир нече гектар жер аянттарын мыйзамсыз менчиктештирип алган»

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов бир нече гектар жер аянттарын мыйзамсыз менчиктештирип алган. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта эл өкүлү Жусупбек Коргонбай уулу айтып, аталган жетекчинин ишмердүүлүгүн сынга алды. Депутаттын айтымында, президент Ош облусундагы абалды көзөмөлгө алышы керек.

Депутаттын жогорудагы билдирүүсүнө карата президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов айтылган сын жана суроолорго кийин жооп берери маалымдалды.