Депутат Ошко таза суу киргизүү үчүн 5 жыл мурда 5,5 миллион доллар бөлүнгөнүн айтты

«Ош шаарында таза суу жок деп айтып жатышат, бирок жыйынтык жок». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүн Өмүрзаков билдирди.

«Эл арасында маалымат таркап жатат. «Ош шаарына 5 жыл мурда Азия өнүктүрүү банкынан 5,5 миллион доллар бөлүнгөн, бирок мамлекеттик курулуш агенттиги менен мэрия талашып, бүгүнкү күнгө чейин таза суу жок» деп. Ушул боюнча өкмөттөн иш сапар менен барып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келиш керек. Көп кабаттуу үйлөрдө көп балалуулар, аксакалдар бар», — деди ал.