Депутат: «Ошто 10 күн жашап, алар ичкен сууну ичип көргүлөчү»

«Ош шаарына барып жашап көргүлө, жашагылачы, 10 күн же 1 жума. Кандай ылай суу ичесиңер». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева жыйында билдирди.

«8 миллион евро ким жеп койду? Кайсы мэр жеди? Республикалык статусу бар шаарда ылай суу ичебиз. Акчаны кайсы мэр жесе, кылмыш иши козголсун», — деди ал. Мындан тышкары, ошол акчаны ким жегени боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгошу керек экенин айтты.