Осмонов Байсаловду «Сиз мага комментарий бербей жөн отуруңуз» деп тыйып койду

Депутат Айбек Осмонов Акыйкатчы Атыр Абдрахматовадан чет өлкөлөрдө соттолуп, абакта отурган Кыргыз жарандары тууралуу маалымат сурады.

«Учурда 1600дөн ашык жараныбыз камакта. Орусияда 1400дөн ашык жараныбыз, Казакстанда 100дөн ашык адам абакта. Өзүңүздөр билгендей, жарандарыбыз соттолгондон кийин аларды экстрадициялоого гана мүмкүнчүлүгүбүз бар», — деди Акыйкатчы.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Акыйкатчынын сөзүн бөлүп, «Акыйкатчынын ишине тыштагы жарандарды коргоо кирбейт, ага ТИМ жооп берет» деди.

Осмонов Байсаловго кайрылып, Орусияда миңден ашуун жараныбыз камакта экенин айтып, которуу боюнча кандай иш жүрүп жатканын сурады. «Сизге кайрылып, камалып кетти, котортуп бериңизди деп кайрылгандар бар да, сизге да кайрылышса керек. Бирөөнү айтыңызчы, айта албайсыз. Билбейсиз. Сиз мага комментарий бербей жөн отуруңуз. Мен маалымат сурап жатам», — деди депутат.