Депутат Осмонов: «Ош шаарында таза суу көйгөйү жок дедиңиз. Маалыматты карап, анан келгиле»

«Ош шаарында таза суу көйгөйү жок дедиңиз. Маалыматты карап, анан келгиле». Бул тууралуу бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Бакыт Кудайбергеновго кайрылып айтты.

«Баяндамаңызда Ош шаарында таза суу көйгөйү жок дедиңиз. Туурабы?» — деп тактап сурады депутат. Аткаминер ага бүгүнкү күнгө карата ага ошондой маалымат берилгенин билдирди.

«Силер маалыматты карап, элдин чыныгы жашоосун карагыла. Жамгыр жааган сайын Ош шаарында таза суу жок болуп калат деп канча жолу айттык. Бүгүн деле бул маселе чечилип бүтө элек. Биз республикалык бюджеттен каражат бөлүп беришибиз керек. Ош шаарында Кыргызстан мамлекет болгону таза суу жок», — деди депутат.