Депутат Өзбекстан Кыргызстандын нефтин пайдаланып жаткандыгы үчүн акы төлөш керек деп эсептейт

Өзбекстан Кыргызстандын Баткен районунда жайгашкан Түндүк Сох жана Чоңгара-Галча жериндеги газ жана мунай кендерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөшү керек. Мындай пикирди депутат Бейшеналы Нурдинов Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумунда айтып чыкты.

Анын айтымында коңшу өлкө Кыргызстандын газ жана мунай кендерин 30 жылдан бери акысыз пайдаланып келет.

Кыргызстан импорттолуучу күйүүчү-майлоочу мунай заттарга көз каранды. Ал эми биздин кен чыккан жерлерди коңшу мамлекеттер пайдаланышат. Эмне үчүн ушул кен бар жерлер бүгүнкү күнгө чейин кайтарылган жок? Кыргызстандын мунай затын пайдаланып жаткандыгы үчүн Өзбекстан акы төлөп берсин. Жок дегенде биздин түттүктөрдү колдонуп жатышкандыгы үчүн акча албайлыбы” ,— деп сүйлөдү эл өкүлү.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Медер Машиевдин айтымында аталган кендерди пайдалануу маселеси чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссияда каралууда.

Менин билишимче, азыр ал жерде газ жок, нефтинин эле аз-маз калдыктары бар”, — деди Медер Машиев.

Белгилей кетсек, Түндүк Сох жер астындагы газ кампасынын, Түндүк Сох жана Чоңгара-Галча газ жана мунай кендеринин тагдыры жөнүндө маселе Жогорку Кеңеште 2010-жылдан бери бир нече жолу көтөрүлүп келген. 2011-жылдын 13-майында депутаттар токтом менен Өзбекстанга күйүүчү-майлоочу майларды ташууга тыюу салып, ишканаларды «Кыргызнефтегаздын» карамагына өткөрүп беришкен.

Ал эми Жогорку Кеңештин 10 жыл мурунку жарлыгында ал кен аймагы учурдагы кыргыз-өзбек чек арасынын ички аймактагы талашсыз Кыргызстандын аймагында жайгашкандыгы белгиленген.